Байланыш операторлоруна

Телефония

2003-жылдан бери биздин компаниянын ишмердүүлүгү сапаттуу кызмат көргөзүү жана VoIP тармагы үчүн чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. ЭлКат компаниясы биз кызматташкандардын – Интернет операторлордун, улуттук жана аймактык VoIP провайдерлердин, корпоративдик кардарлардын ортосунда үн трафигинин транзиттик тармагында, байланыш каналдарын берүүдө, интернетке кирүү мүмкүндүгүн берүү тармагында иштейт.

Биздин өнөктөштөрүбүздүн арасында өзгөчө белгилөөгө болот:

Бул тармактагы иш тажрыйбасынын көптүгүнүн жана өнөктөштөрдүн кеңири алкагынын аркасында биз стандарт жана премиум VoIP трафигин берүү боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды сунуштайбыз.

Биз телекоммуникациялык тармактын бардык катышуучулары менен кызматташууга даярбыз: ийкем баа жана биллинг саясаты, өз ара алаканын жогорку ылдамдыгы ЭлКатты ар кандай масштабдагы компаниялар үчүн оптималдуу өнөктөш кыла алат.

Компаниянын тартифтик саясаты ар бир кардардын керектөөсүнө ийкем мамиле кылат жана абоненттик төлөмдөрдүн ар кандай түрлөрүн караган. Абоненттердин айрым топтору үчүн компания кардардын керектөөсүнө максималдык жооп берген жекече тарифтик планды иштеп чыга алат жана кардардын талабына жараша тезинен кайра каралышы мүмкүн.

Оптоволокно

Кызмат толугу менен жабык каналды жана спецификалык форматта маалыматарды берүүнү уюштуруу зарыл болгон байланыш операторлоруна жана ири корпоративдик кардарларга багышталган.

Волоконно – оптикалык тилкесинин ижарасы сиздин бизнестин спецификалык талаптарына жооп берген чечимдерди тандоого толук мейкиндик берет.

Компаниянын активинде Бишкектин маанилүү аймактарында курулган бутактанган волоконно-оптикалык байланыш тилкеси бар.

Бүгүн, компаниянын өздүк түйүнүндө байланыштын миңден ашык түйүндөрү бар, анын ичинде Ош жана Жалал Абад шаарлары да бар, алардын маанилүүлөрү шаардын борбордук байланыш обектилеринде жайгашкан. Жогоруда саналгандардын баары Бишкек шаарындагы бардык түйүндү туташтырууда оптикалык волокнону берүү мөөнөтүн бир нече эсеге кыскартат.

Компаниянын тарифтик саясаты ар бир кардардын керектөөсүнө ийикем мамиле кылат (өзгөчө операторлорго) жана компаниянын өнөктөштөрү үчүн арзандатуулардын ар кандай түрлөрүн караган. Биз өзүбүздүн телекоммуникациялык мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтүү тармагында кызматташууга дайыма даярбыз.

Байланыштын санарип каналдарынын ижарасы

Элкат Компаниясы өз кардардарына 1-100Мбит/с, 1Гбит/с жана андан жогору жогорку ылдамдыктагы каналдарын ижарага берет. Каналдардын ижара келишимин түзүү үчүн бизге бул тел.чалыңыздар +996/312/66 44 00

Виртуалдык түйүндөр

Эгер сизге офистердеги жана филиалдардагы компьютердик жана телефондук түйүндөрдү бириктирүү керек болсо, сиздин компаниядагы электрондук документ айланууларды уюштуруу жана бардык бизнес- долбоорлорду көзөмөлдөө керек болсо, Элкаттын виртуалдык каналдарды жана жеке түйүндөрдү уюштуруу боюнча чечимдерин колдонуңуз (VPN). Бул кардарлар менен принципиалдык жаңы деңгээлде коммуникациялар менен бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракетти камсыз кылууга мүмкүндүк берет, корпоративдик инфраструктураны тейлөөгө кеткен чыгымдарды кескин кыскартат.

Сиздин компаниянын корпоративдик түйүнү (VPN) мүмкүндүк берет:

  • бөлүмдөрдүн ортосунда жогорку ылдамдыкта корголгон маалымат алмашууну камсыз кылуу;
  • кыска бирдиктүү номер менен ички телефондук байланыш түзүү;
  • бардык бөлүмдөрдү кеңири тилкелүү Интернет менен камсыз кылуу;
  • аудио- жана видеоконференцбайланышты колдонуу;

Кеңир маалымат