Интернет

Home Ethernet

Home Ethernet артыкчылыгы

Азыркы убакта «ЭлКат» компаниясы Шаардык Оптикалык Түйүн - Home Ethernet тин курулушу боюнча долбоорду ишке ашырып жатат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын чегинде ЭлКат тармагынын катышуусунда түйүндөрдүн ортосунда оптикалык каналдардын байланышын салуу уланууда. ЭлКат тармагында жайгаштырылган коммутаторлорго дайыма туташтыруучу кызматтын жардамы менен Home Ethernet ке кошулуу ишенимдүү туташуу жана түйүнгө кошулган абоненттердин ортосундагы маалыматтарды алмашуунун тез ылдамдыгын камсыз кылуудан башка төмөнкүлөрдү камсыз кылат: ЭлКат сыяктуу заманбап санариптик байланыш кызматтарынын бардык комплексине, башка түйүндөргө (KG, Internet), о.э. өздүк корпоративдик жана виртуалдык түйүндөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Сунушталган кызматтардын тизмеси:

  • маалыматтарды берүү;
  • башка байланыш операторлорунун түйүндөрүнө кирүү мүмкүндүгү;
  • глобалдуу Internet түйүнүнө кирүү мүмкүндүгү;
  • «IP-телефония» технологиясы боюнча телефондук байланыш;
  • электрондук почтага, e-mail билдирүүлөрдү жиберүү.

«ЭлКат» компаниясынан Home Ethernet тин уникалдуу артыкчылыгы төмөнкүлөр болуп саналат:

  • ЭлКат тармагы катышкан жердеги түйүндөрдө жогорку ылдамдыктагы кошулуу (10/100/1000 Base – TX/FX);
  • тармактын жогорку ишенимдүүлүгү (туруктуулугу) ;
  • күнү-түнү техникалдык колдоо.

Шаардык Оптикалык Түйүн - Home Ethernet ти колдонуу - бул эртеңки күнгө ишенимдүү кадам. Бул кадам сиздерди бүгүнкү жана жакынкы келечектеги ишенимдүү жана стабилдүү коммуникация менен камсыз кылат.

Жаңы тарифтер

Арыздын формасы

Home Ethernet ке жеке жактарды туташтыруу процедурасы