«ЭлКат» компанияcы тууралуу
«ЭлКат» компаниясы Кыргызстандагы маалымат жеткирүүчү өзүнүн жеке оптикалык-була түйүнүнө ээ эң ири интернет-провайдер, эл аралык магистралдык байланыш оператору, корпоративдик жана оператордук рыноктор үчүн бизнес чечимдерди сунуштаган алдыңкы провайдер.
Биз Кыргызстандын рыногунда Интернет кызматтары чөйрөсүндө пионер титулуна ээ болдук жана бүгүнкү күндө курулган оптикалык-була линиялардын саны боюнча алдыдабыз. «ЭлКат» тарабынан курулган оптикалык-була магистралдык линиянын жалпы узундугу 2500 кмдан ашып, Кыргызстандын ар бир аймагына жетүүнү камсыздадык.
«ЭлКат» – телекоммуникациялык кызматтар чөйрөсүндө ишенимдүү жана тажрыйбалуу өнөктөш. Биз ири компанияларга, чакан жана орто ишканаларга, мамлекеттик уюмдарга, Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлорго жана ири эл аралык уюмдарга байланыш каналдарын, тармактык чечимдерди жана оптикалык курулуш кызматтарын көрсөтөбүз.
Компаниянын тарыхы:
-
1994
Компания өз ишин электрондук почта менен камсыз кылуудан баштаган.
-
1996
«ЭлКат» Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
-
2000
«Шайлоо» мамлекеттик автоматташтырылган тутуму долбоорунун алкагында компания Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бирдиктүү түйүндү куруу боюнча биринчи кадамды жасады.
-
2003
Компания IP телефония кызматтарын көрсөтө баштаган.
-
2004
Компания өлкөдө Ethernet технологияларын активдүү киргизе баштады.
-
2009
«Кыргызстан-Казакстан» оптикалык-була байланыш линиясынын курулушу.
-
2012
«Кыргызстан-Кытай» жана «Кыргызстан-Тажикстан» трансчек ара өткөөлдөрүн курууну аяктоо.
Бул долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында «ЭлКат» коңшу өлкөлөргө чыгуу, ошондой эле транзиттик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
-
2013
«Кыргызстан-Казакстан» жаңы оптикалык-була линиясынын курулушун аяктоо.
2013-жылы «Кыргызстан-Казакстан» жаңы магистралдык түйүнүнүн курулушу аяктады.Казакстан менен альтернативалуу трансчек аралык өтүү мүмкүнчүлүгү «ЭлКат» компаниясына өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана маалымат берүү каналдарын резервдөөнү камсыз кылды.
-
2014
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген «Бишкек-Ош» оптикалык-була линиясын ишке киргизилди.Аталган долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстандын 4 өрөөнүн: Чүй, Суусамыр, Фергана жана Алайды бириктирүүгө мүмкүндүк берди. Ошентип, «ЭлКат» Кыргызстандын көптөгөн, анын ичинде эң алыскы аймактарын бириктирди. Тармактын бул бөлүгү заманбап DWDM технологияларын колдонуу менен курулган. Бул оптикалык-була линиянын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 60 Гбит /сек түздү.
-
2015
2015-жылы компания «Ош-Сары-Таш» жана «Ош-Баткен» оптикалык-була байланыш линияларын ишке киргизди.
Курулган ОББЛ «ЭлКаттын» Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган экинчи кең тилкелүү байланыш каналы болуп калды. Бул долбоорду ишке ашыруу Тажикстанга кошумча санариптик чыгууну түзүүгө, ошондой эле географиялык бекитилген каттамдар боюнча түйүндү резервдөөгө мүмкүндүк берди.
-
2016
Москвадагы M9 тармагына түйүн жайылтылды.
«ЭлКат» Москвада M9 деген ат менен белгилүү болгон MSK-IX (“Moсква InternetExchange”) трафик алмашуу платформасында өзүнүн жабдууларын орнотту. Ошентип, «ЭлКат» өзүнө жана анын кардарларына жүздөгөн популярдуу сайттарга түз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды, тармактардын ортосундагы маалыматтарды берүү жолдорун кыскартты жана кымбат баалуу эл аралык байланыш каналдарына жүктөмдү азайтты.«Жалал-Абад-Бишкек» оптикалык-була байланыш линиясын ишке киргизилди.
«ЭлКат» Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарын камтыган DWDM тармагынын шакекчелерин резервдөө иштерин уюштурууну аяктады. Бул долбоор түйүндүн кубаттуулугун жогорулатууга, Компаниянын магистралдык түйүнүнө Нарын, Казарман жана Балыкчы шаарларында кошумча санарип чыгууларды түзүүгө, ошондой эле Бишкек-Ош тилкесинде резервдик каттамды уюштурууга мүмкүндүк берди.
-
2017
Республиканын бардык аймактарында оптикалык-була линияларын курууну аяктады.
«ЭлКат» компаниясы Балыкчы -Каракол жана Бишкек-Талас тилкелериндеги оптикалык-була линияларды курууну аяктап , муну менен Кыргызстандын бардык аймагы боюнча оптикалык-була линиялардын курулушун аяктады. Республика боюнча байланыш линиясынын жалпы узундугу 2500 километрден ашты.
-
2018
«Бишкек-Ош» магистралдык линияларын модернизациялоо
«ЭлКат» компаниянын магистралдык түйүнүнүн негизги бөлүмдөрү модернизацияланды, аткарылган иштердин натыйжасында тармактын кубаттуулугун 2 эсеге, 60 Гбит/с дан 120 Гбит/с чейин жогорулатууга мүмкүн болду.«Кыргызстан-Өзбекстан» оптикалык-була байланыш линиясын куруу
«ЭлКат» Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирген жаңы оптикалык-була линиясын коммерциялык ишке киргизди. Чек арадан өтүүнү уюштуруу байланыштын сапатын жогорулатууга, маалыматтарды берүүнүн кечигүүлөрүн кыскартууга жана транзиттик каттамдарды кыскартууга мүмкүндүк берди.
«Каракол-Балыкчы» оптикалык-була байланыш линиясынын курулушу аяктады
2018-жылдын аягында «ЭлКат» компаниясы Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жаңы оптикалык-була линиясын курууну аяктады. Оптикалык-була байланыш линияларын ишке киргизүү географиялык жактан дисперстүү каттамдардын эсебинен тармактын жогорку ишенимдүүлүгүн камсыз кылды жана Ысык-Көл облусунун алыскы калктуу конуштарына жаңы санариптик чыгууларды түзүүгө мүмкүндүк берди.
-
2019
Бишкек-Ош магистралдык линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү
интернет-трафикке суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу «ЭлКат» магистралдык түйүнүнүн негизги участокторунун кубаттуулугу Бишкек – Нарын – Ош линиясы боюнча 260 Гбит/с чейин жана Бишкек шаары боюнча 280 Гбит/с чейин кеңейтилди. Кара-Балта — Ош линиясы. Заманбап жогорку ылдамдыктагы жабдууларды орнотуу линияны тыгыздаштырууга жана бир каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 10 Гбит/с дан 100 Гбит/с чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди.
«Балыкчы-Каракол» резервдик оптикалык-була линиясын куруу
2019-жылы «ЭлКат» компаниясы Ысык-Көлдүн түштүк жээгине резервдик оптикалык-була линиянын курулушун бүтүргөн. Оптикалык-була байланыш линияларын ишке киргизүү географиялык жактан бекитилген каттамдардын эсебинен тармактын жогорку ишенимдүүлүгүн камсыз кылып, Ысык-Көл облусунун алыскы калктуу конуштарына жаңы санариптик чыгууларды түзүүгө мүмкүндүк берди.
Республиканын алыскы райондоруна оптикалык-була линияларын тартуу
Ошол эле жылы узундугу 170 км болгон Таш-Көмүр — Кербен ( Аксы ) — Ала-Бука — Терек-Сай тилкелери, ошондой эле Лейлек районунун Исфана жана Сүлүктү шаарларына чейин 150 км узундуктагы оптикалык-була магистралдык линия курулду.
-
2020
Трансек аралык өтүүчү өтмөктөрдү модернизациялоо
Айрым тилкелерди когеренттик оптикага акырындык менен которуу каналдын сыйымдуулугун бир кыйла кеңейтүүгө жана республикага кирген трафиктин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
-
2024
Транспорт тармагын модернизациялоо
Бардык негизги магистралдык тилкелерди жана трансчек аралык өтүүлөрдү когеренттүү оптикага өткөрүү аяктады. Заманбап жогорку ылдамдыктагы жабдууларды орнотуу линияны тыгыздаштырууга жана бир каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 100 Гбит/с дан 200 Гбит/с чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди.