Биз бул
- Жогорку сапат, байланыштын ишенимдүүлүгү жана географиялык жактан бөлүштүрүлгөн маршруттар боюнча түйүндүн резервдөөсү;
- Кошуна өлкөлөр менен өз трансчек ара өткөрүү пункттары жана ошондой эле М9 да жайгашуу пункту бар компания;
- Кыргыз Республикасынын аймагын толук камтыган өз магистралдык түйүнү;
- Google, YouTube, Gmail, Google Maps, GoogleApps, Facebook, WorldofTanks, CDN, Mail.Ru, Odnoklassniki, VK сыяктуу эң популярдуу жана керектелген ресурстардын Cache серверлери жайгашкан платформа.
Биз менен кызматташуу эмне үчүн пайдалуу
"ЭлКат" заманбап технологиялары
- Өзүнүн 3 миң км ашык узундуктагы «ЭлКат» магистралдык түйүнүнүн бардык техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
- Транспорттук тармактарды куруу үчүн SDH/xWDM, IP/MPLS жана башка гибриддик заманбап технологиялар колдонулат. Түйүндүн иштеп жаткан магистралдык сыйымдуулугу 1+1 конфигурациясында 1 Тбит/с түзөт жана байланыш линиясын үзбөстөн 8 Тбит/с чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ;
- Cisco, Juniper, Huawei, ZTE, PacketLight сыяктуу жогорку технологиялуу жабдууларды колдонуу
- Маанилүү MPLS түйүндөрүндө эки жана андан ашык кошумча маршруттар бар.
Биздин кызматтар
-
IP Transit кызматыӨзүнүн магистралдык түйүнүнүн негизинде 100 Гбит/с ашык ылдамдыкта Интернет трафигин өткөрүү жана Интернетке кирүү. DataIX, Google сыяктуу Россиядагы жана чет өлкөдөгү трафик алмашуу аянтчалары менен түз байланыш жана эл аралык операторлордун MPLS тармактары менен өз ара байланыш.
IP Transit
Өзүңүздүн магистралдык тармакка негизделген трафиктин транзиттик кызматтарын жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуңуз.- Түйүнгө кирүү ылдамдыгы: 100 Гбит/с чейин
- MPLS-түйүнүнө төмөнкү интерфейстер аркылуу туташууга болот: G.703/FE/GE/10GE.
- Тышкы каналдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү: 100 Гбит/с ашык.
- Өздүк магистралдык түйүндүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү: 120 Гбит/с.
- Жогорку сапат биздин өздүк магистралдык ресурстарды пайдалануу жана MPLS-түйүнүндө туруктуу магистралдык бош орундун болушу аркылуу камсыз кылынат. Тармактын 99,7% жеткиликтүүлүгү Тейлөө деңгээли тууралуу келишимге (SLA) кол коюу менен кепилденет.
- Дүйнөлүк интернет-ресурстарга жетүү маалымат берүүнүн ишенимдүү магистралдык түйүндөрү аркылуу камсыз кылынат.
- Өздүк магистралдык түйүндүн узундугу – 2,5 миң кмдан ашык.
- Кыргыз Республикасынын аймагында 20дан ашык кирүү түйүндөрү.
- Москвада кошулуу пункттары (M9)
- Россияда жана чет өлкөлөрдө трафик алмашуу аянтчалары менен түз байланыш (IX). MSK-IX, Data IX, Level 3 , Facebook, Home IX …
- Эл аралык операторлордун MPLS түйүндөрү менен өз ара байланыш
Кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыктары
- Ишенимдүүлүк жана жеткиликтүүлүк
- Магистралдык тармактын чынжырдык камсыздандырылышы
- Кызматтын берилишинин белгиленген параметрлеринен четтөөлөрдү оперативдүү жоюуну камсыздаган 24/7 мониторинги
- Cisco жана Juniper жабдууларын колдонуу менен тармакты куруу.
-
IP VPN кызматыТелекоммуникациялык кызматтардын толук спектрин колдогон жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктү кепилдик берген IP протоколунун негизинде оператордун байланыш тармагынын филиалдарын жана түйүндөрүн бирдиктүү коргоого алынган жеке тармакка бириктирүүгө жардам берет.
- Ар кандай типтеги маалыматтарды берүү.
- Интернетке өзүнчө кирүү.
Кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыктары
- 10 Гбит/с чейин кирүү ылдамдыгы.
- L3 IP VPN кызматы үчүн ар кандай тармак топологиялары (чекиттен чекитке, жылдызча, толук байланышуу).
- Өзүнчө логикалык тармактарды же алардын фрагменттерин бириктирүү мүмкүнчүлүгү.
- IP тармак магистралдарынын ашыкча болушуна байланыштуу кызматтардын жогорку ишенимдүүлүгү.
- Кызматтын сапатына кепилдик жана SLA колдоо.
- Кыргызстандагы Кыргызстандагы VPN кызматтары тууралуу толугураак маалымат
-
Каналды ижарага алуу кызматыЭлКат 100 Гбит/с кубаттуулуктагы атайын каналдарды камсыз кылат. Кызмат каалаган протоколду колдонуу менен маалыматтын каалаган түрүн өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет: IP, Ethernet жана башкалар. ЭлКат кызматтары тарабынан күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүү (24/7).
- ЭлКат 100 Гбит/с кубаттуулуктагы атайын бөлүнгөн каналдарды берет.
- Заманбап технологиялар — SDH жана DWDM жана дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн жабдууларын: Huawei, packet Light колдонуу менен курулган Элкат транспорттук тармагынын базасында кызмат көрсөтүлөт.
- Кызмат каалаган протоколду колдонуу менен маалыматтын ар кандай түрүн өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет: IP, Ethernet жана башкалар.
- Кардардын жабдууларын туташтыруу үчүн каналдын учтарында төмөнкү интерфейстер колдоого алынат: G.703, G.957, ж.б.
Кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыктары
- «ЭлКаттын» өздүк уникалдуу магистралдык түйүнүнүн бардык техникалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;
- Узундугу 2500 миң кмден ашык түйүн Кыргыз Республикасынын аймагын толук камтуусу;
- Географиялык жактан бөлүштүрүлгөн маршруттар боюнча түйүндү резервдөө;
- E1, E3, STM-n жана Ethernet агымдарынын деңгээлинде туташуусу менен STM-1ден STM-64ке чейинки бардык деңгээлдердеги жолдорду 10 Гбит/сек өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен камсыз кылуу;
- Жогорку сапаттагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү эл аралык нормаларга жооп берет;
- Кызматтын жогорку ишенимдүүлүгү заманбап жабдууларды колдонуу менен камсыз кылынат: DWDM спектралдык тыгыздоо технологиясы, тармактын тилкелерин шакек менен резервдөөнү колдонуу.
- Кардар менен Кызмат көрсөтүү деңгээли жөнүндө келишимди (SLA) түзүү.
- Каналдын өткөрүү жөндөмүн ыкчам жогорулатуу.
- «ЭлКат» кызматтары тарабынан 24/7) режиминде техникалык колдоо.
-
VoIP кызматыVoIP (VoiceoverIP) – үн жана маалыматтын башка түрлөрүн берүү үчүн абдан келечектүү технологиялардын бири болуп саналат. Сертификатталган жабдууларды колдонуу менен «ЭлКат» магистралдык жана аймактык маалыматтарды берүү түйүндөрүнүн жабдууларын пайдалануу менен ишке ашырылат.