ЭлКат – өзүнүн магистралдык түйүндөрү аркылуу маалымат берүүчү эл аралык байланыш оператору.

«ЭлКат» – корпоративдик жана оператордук рыноктор үчүн бизнес-чечимдерди иштеп чыгып, сунуштайт. Бул ар дайым өз ара пайдалуу кызматташуу жана жогорку сапаттуу кызмат көрсөтүү.

Кайтарым байланышуу
Сизге ыңгайлуу болушу үчүн биздин адистер 24/7 байланышта.

Кененирээк
Компания жөнүндө

Компания жөнүндө

«ЭлКат» өз ишин 1994-жылы баштаган. Бүгүнкү күндө компания Кыргызстандагы интернет-сервистин лидери катары жогорку технологиялык жабдууларды колдонуу менен жогорку ылдамдыктагы оптоволокондук байланыш линиясы аркылуу республиканы толук камтууну камсыздоо менен М9 жолунда жайгашкан өз пункту жана өзүнүн Казакстан, Өзбекстан, Кытай менен трансчек ара өтмөктөрүнө ээ.

Кененирээк

Байланыш операторлору үчүн

«ЭлКат» компаниясы улуттук операторлорду, ошондой эле Азия, Россия, Кытай операторлорун кызматташууга чакырат. Биз өзүбүздүн магистралдык тармагыбыздын бардык техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана заманбап технологияларды колдонууну кепилдейбиз, бул жогорку жана ишеничтүү байланыш сапатын камсыз кылат. Биздин кызматтар: трафикти транзиттөө жана интернетке кирүү (IPTransit); бирдиктүү корголгон тармакты түзүү кызматы (IP VPN); 10 Гбит/с чейинки өткөрүү жөндөмдүүлүгү бар жеке каналдарды ижарага алуу кызматы; сертификатталган жабдууларды колдонуу менен үн жана башка маалымат түрлөрүн берүү кызматы (VolP).

Кененирээк
Байланыш операторлору үчүн
Корпоративдик кардарлар үчүн

Корпоративдик кардарлар үчүн

«ЭлКат» бизнести автоматташтыруу жаатында чечимдерди сунуштаган Интернет жана телекоммуникация кызматтары чөйрөсүндө ишенимдүү өнөктөш. Тактап айтканда, кеңселердин ортосунда коопсуз корпоративдик тармакты уюштуруу, керектүү ылдамдыкты орнотуу, корголгон коопсуз тармактарды түзүү, колокация – инфраструктура, хостинг. Биз ошондой эле кыска номерлерди сатып алууну да камсыздайбыз. Сиздин бизнесиңиздин ийгиликтүү иштеши үчүн «ЭлКат» компаниясынын 24 сааттык техникалык колдоосу да кепилденет.

Кененирээк
Өнөктөштөр үчүн

Өнөктөштөр үчүн

Биз региондордо байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн агенттерди, улуттук операторлорду, ошондой эле Өзбекстандын, Тажикстандын, Россиянын, Казакстандын, Кытайдын операторлорун кызматташууга чакырабыз. Байланыш кызматтарын жеңилдетилген шарттарда кайра сатуу мүмкүнчүлүгү. Биз кичи жана орто ишканаларга, мамлекеттик уюмдарга, Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлорго жана эл аралык компанияларга байланыш каналдарын, тармактык чечимдерди, оптоволокондук линияларды куруу кызматтарын көрсөтөбүз.

Кененирээк


x