Жеке жактарга көрсөтүлүүчү телекоммуникациялык кызматтар боюнча тарифтик пландарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө кулактандыруу

Жеке жактарга көрсөтүлүүчү телекоммуникациялык кызматтар боюнча тарифтик пландарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө кулактандыруу

Урматтуу абоненттер!

Сиздерге маалымдайбыз, 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү тарифтик пландарга жаңы туташтыруу жана алар боюнча кызмат көрсөтүү токтотулат:

  • «Ысык-Көл 1»;
  • «Ысык-Көл 2»;
  • «Ысык-Көл 3»;
  • «Толкун 1» (архивдик тарифтик план, учурдагы абоненттер үчүн гана жеткиликтүү);
  • «Толкун 2»;
  • «Толкун 3»;
  • «Толкун 4»;
  • «Булут 1»;
  • «Булут 2»;
  • «Булут 1 ЖА»;
  • «Булут 2 ЖА»;
  • «Булут 3 ЖА».

Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы жеке жактар үчүн тарифтик пландарды бирдиктүү тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, сиздер үчүн «Үй-бүлөлүк+» аттуу бирдиктүү тарифтик пландар топтомун даярдадык.

Эми «Үй-бүлөлүк+» тарифтик пландары ЭлКат тармагына техникалык жактан туташуу мүмкүнчүлүгү бар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жеткиликтүү. Бул сиздерге жашаган аймакка карабастан бирдей жана ыңгайлуу тейлөө шарттарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Сиздерди өзүңүздөргө эң ылайыктуу «Үй-бүлөлүк+» тарифтик планын тандап, ушул кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы тарифке өтүүнү жол-жоболоштурууга чакырабыз. Бул үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылсаңыз же компаниянын сизге жакын кеңсесине барсаңыз болот.

ЭлКат кызматтарын тандаганыңыздар жана бизге көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!



x