«Үй 1+, 2+, 3+» тарифтик пландарынын өзгөрүшү жөнүндө
Урматтуу «Элкат» компаниясынын кардарлары!
Ресурстарды оптималдуу пайдалануу максатында компания «Үй 1+, 2+, 3+» тарифтик пландары, интернет жана KG зонасы боюнча чектөөсүз ылдамдыгы бар «Булуттуу тарифтер» боюнча өзгөртүүлөрдү иштеп чыкты. «Үй 1+, Үй 2+, Үй 3+» тарифтик пландарында интернетке кирүү ылдамдыгы жогорулайт, бирок тариф баасы өзгөрүүсүз калат. Ошондой эле IP-даректер алмашат: ачык IP-дарек жабык IP-дарекке алмаштырылат.
Эгерде ачык IP-даректи сактап калуу зарыл болсо, аны тарифке ылайык кошумча төлөм менен колдонуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Урматтуу кардарлар, түзүлгөн жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз жана байланыш кызматтары боюнча келишимди кайра түзүү үчүн компаниянын кеңсесине кайрылууңузду суранат элек.
Белгилей кетсек, бардык өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.
Учурдагы тарифтик пландар:
Тарифтик план | Дүйнө боюнча ылдамдык |
КР боюнча ылдамдык |
Телевидение | Абоненттик төлөм (Сом КР*) |
Үй 1+ | 25 Мбит/с чейин | 100 Мбит/с чейин | 150+ канал | 900 |
Үй 2+ | 50 Мбит/с чейин | 100 Мбит/с чейин | 200+ канал | 1050 |
Үй 3+ | 90 Мбит/с чейин | 100 Мбит/с чейин | 200+ каналов | 1650 |
*Баалар бардык салык жана жыйымдарды камтыйт.
*Роутерлер кардар тарабынан сатып алынат.
*WR330 ТВ приставкалары келишимдин мөөнөтүнө жараша убактылуу колдонууга акысыз берилет.
*Экинчи жана үчүнчү приставканы менчикке сатып алуу шартында, ар бир приставканын баасы – 5000 сом, абоненттик төлөм – 0 сом.
2024-жылдын 1-декабрынан тарта өзгөртүлгөн тарифтик пландар (ылдамдык чектөөсүз):
Тарифтик план | Дүйнө боюнча ылдамдык |
Телевидение | Абонплата (Сом КР*) |
Үй 1+ | 50 Мбит/с чейин | 150+ канал | 900 |
Үй 2+ | 70 Мбит/с чейин | 200 канал | 1050 |
Үй 3+ | 100 Мбит/с чейин | 200 канал | 1650 |
*Баалар бардык салык жана жыйымдарды камтыйт.
*Баасы PPPoE протоколу аркылуу туташтыруу үчүн бир IP-дарекке көрсөтүлгөн.
«Ак IP» кызматы
Кызмат | Абоненттик төлөм (Сом КР*) |
«Ак IP» (ачык) | 100 |
*Баалар бардык салык жана жыйымдарды камтыйт.
*Баасы PPPoE протоколу аркылуу бир IP-дарекке көрсөтүлгөн.