Кыргызстандагы VPN кеңселери үчүн виртуалдык жеке түйүн

VPN – бул сиздин компанияңыздын Кыргызстан боюнча кеңселеринин ортосунда чоң көлөмдөгү жашыруун маалыматтарды өткөрүү үчүн жабык каналдарды түзүүнү камсыз кылган технологиялардын жалпы аталышы.

Кыргызстандагы VPN кызматы сиздин уюмуңузга:

  • Маалымат алмашуунун коопсуздугун камсыздоо
  • Кызматкерлер үчүн корпоративдик маалымат базаларына жана бизнес колдонмолоруна аралыктан кирүү
  • Сиздердин компьютерлериңиздери, банкоматтарды жана терминалдарды корголгон корпоративдик түйүнгө туташтыруу
  • Корпоративдик түйүндүн ичинде электрондук башкаруу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу — CRM, ERP
  • Үн жана видео байланыштарды уюштуруу, онлайн берүүлөрдү жүргүзүү жана каалаган видео контентти жиберүү
  • Маалыматтарды берүү жана үн байланыш каналдарын коргоо деңгээлине карата мамлекеттик тапшырыкчылардын талаптарына ылайык келүү кызматтарын көрсөтөт.

Биз төмөнкү байланыш технологияларын сунуштайбыз:

  • IP VPN / L3 VPN виртуалдык жеке түйүнү. Түйүндүн конфигурациясынын үч вариантын: «чекиттен — чекитке», бөлүштүрүлгөн жана борборлоштурулган. Layer3 деңгээлинде TCP/IP протоколу аркылуу маалыматтарды берүү
     
  • L2 VPN виртуалдык байланыш каналы «чекиттен — чекитке» конфигурациялуу бирдиктүү түйүнү. Layer2 деңгээлинде Ethernet протоколу аркылуу маалыматтарды берүү
     
  • VPLS/VLAN виртуалдык коммутатору Түйүндүн конфигурациясынын үч варианты: «чекиттен — чекитке», бөлүштүрүлгөн жана борборлоштурулган. Layer2 деңгээлинде Ethernet протоколу аркылуу маалыматтарды берүү
     
  • Атайын байланыш каналдары Ар кандай түрдөгү маалыматты өткөрүп берүү: маалымат, үн жана видео. DWDM/SDH магистралдык түйүнүнүн негизинде иштөө. Каалаган узундуктагы каналдарды түзүү. Биз ошондой эле байланыш операторлору үчүн да кызмат көрсөтөбүз.
     
  • Кызматка кошулуңуз же кеңеш алыңыз:

    • Телефондор: +996 (312) 66-44-00
    • Beeline: +996 (222) 66-44-00
    • MegaCom: +996 (550) 66-44-00
    • О!: +996 (704) 66-44-00
    • WhatsApp: +996 (704) 66-44-00
    • Email: sales@elcat.kg


x