Тарифтик план «Булут 1», «Булут 2» Баткен абоненттери үчүн.

Тарифтик план «Булут 1», «Булут 2» Баткен абоненттери үчүн.

Урматтуу «Элкат» компаниясынын кардарлары!

Учурдагы тарифтердин актуалдуу эместигине жана ресурстарды оптимизациялоого байланыштуу, компания тарабынан Internet жана KG зонасында ылдамдыкты чектебеген жаңы тарифтер («Булуттуу тарифтер») иштелип чыкты.

Сиздерге маалымдайбыз, жаңы тарифтер 01.03.24 жылдан тартып күчүнө кирет.

Жаңы тарифтерде техникалык параметрлер өзгөртүлдү, тактап айтканда – публичный IP-дарек непубличный IP-дарекке алмаштырылды.

Эгерде публичный IP-даректи сактап калуу зарылчылыгы болсо, аны акы төлөө негизинде пайдаланууну уланта аласыз (тариф төмөндө көрсөтүлгөн/тиркемеде).

Урматтуу кардарлар, түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, сөзсүз түрдө байланыш кызматтарын кайрадан каттоо үчүн компаниянын офисине кайрылууңуздарды суранабыз.

Тарифтик план «Булут 1», «Булут 2»

Тарифтик план Кирүү ылдамдыгы Абоненттик төлөм (Сом КР*) IP TV
Булут 1 30 Мбит/сек 855 150гө чейин каналдар
Булут 2 50 Мбит/сек 1425


* Баалар салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
* Роутерлер абонент тарабынан сатылып алынат.
* WR330 ТВ приставкалары келишимдин мөөнөтүндө убактылуу колдонууга берилет, жоопкерчиликтүү сактоо негизинде.
* Экинчи жана үчүнчү приставканы жеке менчикке сатып алуу шартында, ар бир приставканын баасы – 5000 сом, абоненттик төлөм 0 сом.

«Ак IP» кызматы

Кызмат Абоненттик төлөм (Сом КР*)
«Ак IP» (публичный) 100

* Баалар салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.



x