01.06.24 — «Ысык-Көл1», «Ысык-Көл2», «Ысык-Көл3» тарифтик пландарынын ылдамдык параметрлерин өзгөртүү.
Урматтуу «Элкат» компаниясынын кардарлары!
Учурдагы тарифтердин актуалдуу эместигине жана ресурстарды оптимизациялоого байланыштуу, компания тарабынан Internet жана KG зонасында ылдамдыкты чектебеген жаңы тарифтер («Булуттуу тарифтер») иштелип чыкты. «Ысык-Көл-1, Ысык-Көл-2, Ысык-Көл-3» тарифтик пландарында интернет ылдамдыгынын параметрлери өзгөртүлүп, интернетке кирүү ылдамдыгы жогорулайт.
Сиздерге маалымдайбыз, жаңы тарифтер жана бардык өзгөртүүлөр 01.06.24 жылдан тартып күчүнө кирет.
Жаңы тарифтерде техникалык параметрлер өзгөртүлдү, тактап айтканда – публичный IP-дарек непубличный IP-дарекке алмаштырылды.
Эгерде публичный IP-даректи сактап калуу зарылчылыгы болсо, аны акы төлөө негизинде пайдаланууну уланта аласыз (тариф төмөндө көрсөтүлгөн/тиркемеде).
Урматтуу кардарлар, түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, сөзсүз түрдө байланыш кызматтарын кайрадан каттоо үчүн компаниянын офисине кайрылууңуздарды суранабыз.
«Ысык-Көл-1», «Ысык-Көл-2», «Ысык-Көл-3» тарифтик пландарынын ылдамдык параметрлерин өзгөртүү
(Ысык-Көл филиалы, Нарын бөлүмү)
Тарифтик план | КР боюнча ылдамдык | Дүйнө боюнча ылдамдык | Абоненттик төлөм(Сом КР*) | IP TV |
Ысык-Көл-1 | 100 Мбит/сек | 10 Мбит/сек | 712 | ТВ жок |
Ысык-Көл-2 | 100 Мбит/сек | 16 Мбит/сек | 1221 | |
Ысык-Көл-3 | 100 Мбит/сек | 30 Мбит/сек | 1730 | 220дан ашуун канал |
*Баалар салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
*Роутерлер абонент тарабынан сатылып алынат.
*WR330 ТВ приставкасы абонентке жеке менчик катары сатылат, баасы – 4072 сом.
*«Ысык-Көл» тарифтик пландарынын ылдамдык параметрлерин өзгөртүү 01.06.2024 жылдан тартып күчүнө кирет.
GPON системасы үчүн жаңы тарифтик пландар: «Волна-1», «Волна-2», «Волна-3»,
«Волна-4»
(Ысык-Көл филиалы, Нарын бөлүмү)
Тарифтик план | Кирүү ылдамдыгы | Абоненттик төлөм(Сом КР*) | IP TV |
Волна-1 | 25 Мбит/сек чейин | 712 | ТВ жок |
Волна-2 | 50 Мбит/сек чейин | 1221 | |
Волна-3 | 70 Мбит/сек чейин | 1730 | 220дан ашуун канал |
Волна-4 | 100 Мбит/сек чейин | 3420 |
*Баалар салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
*Роутерлер абонент тарабынан сатылып алынат.
*WR330 ТВ приставкасы абонентке жеке менчик катары сатылат, баасы – 4072 сом.
*«Волна» тарифтик пландары GPON системасы орнотулгандан кийин күчүнө кирет.
«Ак IP» кызматы
Кызмат | Абоненттик төлөм(Сом КР*) |
«Ак IP» (публичный) | 100 |
*Баалар салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.