Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасы
Баткен облусунун чек ара аймактарын сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу.

Баткен облусунун чек ара аймактарын сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу.

«ЭлКат» ЖЧКсынын жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ошол эле учурда, «ЭлКат» компаниясы Лейлек районунун Сүлүктү шаарынан Арка айылына чейин магистралдык ВОЛС курулушун баштады. Бул ВОЛС кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган Кулунду, Ак-Арык, Раззаков, Ак-Сай, Интернационал, Бешкент, Борбордук, Жаштык, Достук сыяктуу Лейлек районунун калктуу конуштарынын жашоочуларын байланыш менен камсыз кылууга жана каалаган учурда туугандары жана жакындары менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө «ЭлКат» компаниясы Баткен – Рават – Исфана – Сүлүктү багыты боюнча иштеп жаткан ВОЛСке ээ.



x