Баткен облусунун чек ара аймактарын сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу.

Баткен облусунун чек ара аймактарын сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу.

«ЭлКат» ЖЧКсынын жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ошол эле учурда, «ЭлКат» компаниясы Лейлек районунун Сүлүктү шаарынан Арка айылына чейин магистралдык ВОЛС курулушун баштады. Бул ВОЛС кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган Кулунду, Ак-Арык, Раззаков, Ак-Сай, Интернационал, Бешкент, Борбордук, Жаштык, Достук сыяктуу Лейлек районунун калктуу конуштарынын жашоочуларын байланыш менен камсыз кылууга жана каалаган учурда туугандары жана жакындары менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө «ЭлКат» компаниясы Баткен – Рават – Исфана – Сүлүктү багыты боюнча иштеп жаткан ВОЛСке ээ.



x